ӨКМ: Сак болуңуз! Бишкекте катуу шамал болот

Дата: 14:27, 11-10-2019.

Бишкек. 11 - октябрь. КирТАГ – Бишкек шаарында эки сааттын ичинде катуу шамал болот. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди

Маалыматка караганда, шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге жетиши мүмкүн.

Мэрия коопсуздук үчүн жарандарды унааларын дарактардын жана жеңил курулуштардын жанына токтотпоого чакырат.

Чукул маалыматтар болсо 1840 жана 1850 кыска номерлерине кабарласаңыздар болот.

Поделиться новостью: