КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 6:58 | 26 чын куран

Казакстандын Ички иштер министрлигине жаңы жетекчи дайындалды

Дата: 14:59, 12-02-2019.

Бишкек. 12 - февраль. КирТАГ – Казакстандын Ички иштер министрлигине жаңы жетекчи дайындалды. Бул тууралуу КазТАГ президенттин басма сөз кызматына шилтеме берүү менен маалымдады.

«Мамлекет башчынын буйругу менен Тургумбаев Ерлан Заманбекович Казакстандын Ички иштер министри болуп дайындалды», - деп жазылат Акордонун Twitter баракчасында.

Буга чейин аталган кызматта Калмуханбет Касымов иштеп келген. Касымов Казакстандын Ички иштер министрлигине 2011-жылы дайындалган болчу.

Эске салсак, К. Касымов 12-февралда өлкө башчынын буюругу менен  президенттин Коопсуздук кеңешиндеги жардамчысы болуп дайындалды.


Поделиться новостью: