Казакстандык журналист Ысык-Көлдө акча жана документтерин жоготуп алды

Дата: 17:05, 06-09-2018.

Бишкек. 6 - сентябрь. КирТАГ – Альбина Метерова. Казакстандык «Казак гезити»нин редактору Бостериде акча жана документтерин жоготуп алган. Бул тууралуу КирТАГга Ысык-Көл облусттук ИИБнын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Усубакуновдун айтымында, казак журналисттери буюмдарын жоготконун айтып милицияга кайрылган.

«Ал арызында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдырууга келген журналисттер жашаган жерден документ жана 10 миң сом жана 50 миң теңгесин жоготуп алган», - деди С. Усубакунов.


Милиция журналисттин жоголгон акча жана документтерин таап берген. Буюмдар Камбаров жасаган жердин отургучунан табылган.

Поделиться новостью: