КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 7:24 | 26 чын куран

Гемодиализге жеңилдетилген кызмат көрсөткөн жеке медициналык уюмдар бир катар салыктардан бошотулат

Дата: 05:02, 26-06-2019.

Бишкек. 26 - июнь. КирТАГ  –  Жогорку Кеӊеш жыйынында “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 3-окууда каралып, добуш берүүгө жиберилди.

Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы Салайдин Айдаров мыйзам долбоорун 3-окууда алып чыкты.

Мыйзам долбоорунун максаты терминалдык стадиядагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган адамдарга өз убагында жана сапаттуу гемодиализ кызмат көрсөтүүлөрүн алууга көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Сунуш кылынган мыйзам долбоорунун милдети болуп Бирдиктүү төлөм системасында иштеген жана өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган адамдарга гемодиализге жеңилдетилген кызмат көрсөткөн жеке медициналык уюмдардын кошумча наркка салык, сатуудан салык жана пайдага салык төлөөдөн бошотуу аныкталган.

Ушул мыйзам долбоорун кабыл алуу жеке медициналык уюмдарга Кыргыз Республикасынын бардык региондорунда муктаж адамдарга гемодиализ кызмат көрсөтүүлөрүн өз убагында жана сапаттуу камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет.

Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Поделиться новостью: