КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 3:08 | 27 чын куран

Февраль айында Бишкек жана Кара-Сууда эт кымбат сатылды. Таласта болсо эттин наркы түштү

Дата: 13:43, 21-02-2020.

Бишкек. 21 -февраль. КирТАГ – Чекене баалардын күн сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин маалыматтарынын негизинде Республиканын 18 калк жашоочу пункттары боюнча 2020-жылдын 18 февралына карата уйдун этинин жана койдун этинин орточо керектөө бааларынын талдоосу жүргүзүлдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Маалыматка караганда орточо республикалык баалар 2020-жылдын 18-февралынын январына салыштырмалуу уйдун этинин баасы 2,13 сомго, же 0,6 пайызга, койдун этинин баасы 8,35 тыйынга, же 2,7 пайызга жогорулады.

Ошентип, 2020-жылдын 18-февралында уйдун этине карата максималдуу орточо керектөөчү баалары Кара-Суу ( бир кг-358,31 сом), Ош (бир кг-352,47 сом) жана Бишкек шаарларында (бир кг – 356,39 сом) катталды. Ушул эле учурда, минималдуу чекене баалар Талас шаарында (бир кг – 305,26 сом), Кара-Балта (бир кг-316,63 сом), Покровка айылында (бир кг – 300,00 сом) байкалды.

Койдун этине карата айтсак, максималдуу чекене баалары Жалал-Абад (бир кг -354,13 сом), Кара-Суу(бир кг- 358,31сом) жана Ош шаарында (бир кг – 354,96 сом) катталган. Муну менен катар, койдун этине карата минималдуу баалар Каракол шаарында (бир кг -  277,26 сом), Бишкек шаарында (бир кг – 307,53 сом) жана Покровка айылында (бир кг – 300,00 сом) белгиленди.

Поделиться новостью: