«Эйр Манас» авиакомпаниясы Бишкек-Ош-Бишкек каттамы менен учалбай калгандарга билет акчаларын кайтарып берди
Бишкек. 9 - октябрь. КирТАГ – Бишкек-Ош-Бишкек рейсин токтоткон «Эйр Манас» авиакомпаниясы жүргүнчүлөргө билет акчаларын кайтарып берди. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.
«Эйр Манас» авиакомпаниясынын Бишкек -Ош –Бишкек рейси бүгүн 9-октябрда техникалык себептерден улам учпай калган. Компаниянын кызматкерлери техникалык маселелерин чечүүгө аракет кылган. Ал кардарларга болсо билеттин акчасын кайтарып берген.
Транспорт министрлиги Бишкек -Ош –Бишкек каттамы боюнча башка авиакомпаниялар «Тезжет», «Авиатрафик» токтобой иштеп жатканын билдирет.