Эсеп палатасы мамлекеттик органдардагы финансылык мыйзам бузууларды айтып берди

Бишкек. 13 - июнь. КирТАГ – Альбина Метерова. Эсеп палатасынын төрагасы парламентте мамлекеттик органдардагы каржылык мыйзам бузуулар тууралуу айтып берди.
«Эсеп палатасынын 2017-жылдагы аудитордук текшерүүлөрдүн жүрүшүндө финансылык мыйзам бузуулардын баш сабында 257 млн сом менен Транспорт жана жолдор министрлиги тургандыгы аныкталды», - деди У. Марипов.
Анын айтымында, Билим жана илим министрлигинде суммасы 132,6 млн сом каржылык мыйзам бузуу катталган. Экинчи орунда 26,2 млн сом менен Мамлекеттик каттоо кызматы жана 14,5 млн сом менен Медициналык камсыздандыруу фонду турары ачыкка чыккан
Башкармалыктын жетекчилиги аудитордук ишмердүүлүктүн жыйынтыгында 2017-жылы 2,1 млрд сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталганын кошумчалады. Бюджетке 9,4 млрд сом зыян келтирилген, 351 млн сом максатсыз коротулган.
Чиновник белгилегендей, Эсеп палатасы 2 миң 673 объектти текшерген. Алардын 346сы жергиликтүү бюджеттен каржылданган мекемелер болуп саналат.