КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 7:16 | 26 чын куран

Эл аралык валюта фонду Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүү үчүн 121 миллион долларга жакын каражат бөлдү

Дата: 10:55, 27-03-2020.

Эл аралык валюта фонду Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүү үчүн 121 миллион долларга чукул каражат бөлдү. Бул тууралуу фонд маалымдады.

"COVID-19 пандемиясынан Кыргызстан 120,9 миллион доллар алат", — деп жазылат фонддун маалыматында.

Буга чейин өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков ЭВФтен коронавирус менен күрөшүүгө акча бөлүп берүүнү өтүнгөн. Бул ЭВФтин башкаруу кеңеши чечимди тез арада кабыл алып, мүчө өлкөгө өтө тездик менен каржылык жактан жардам көрсөткөн биринчи учур.

Эми өлкөнүн саламаттык сактоо тармагындагы керектүү ресурстарын толтуруп алууга мүмкүнчүлүгү пайда болду.

Фонд Кыргызстан макроэкономикалык жана каржылык кырдаалын жөнгө салып, жумшартуу үчүн ылайыктуу саясат жүргүзөрүн баса белгилеген.

Эл аралык валюта фондунун билдирмесине ылайык, эпидемия мамлекеттин макроэкономикалык божомолун начарлатып, төлөм балансында 400 миллион долларлык дефицитти пайда кылган.

"ЭВФ тарабынан көрсөтүлгөн насыялык көмөк колдоо механизмин түзүүгө жана Кыргызстандын экономикасында ишенимди бекемдөөгө жардам берет", — деп айтылат фонддун билдирүүсүндө.

ЭВФ өлкөнү башка донорлор дагы колдойт деген үмүттө.

Фонддун тескөөчү жетекчиси Кристалина Георгиева COVID-19 пандемиясы Кыргызстандын экономикасына катуу сокку урганын, мындан улам төлөм балансын жөнгө салуу керектелгенин айткан.

Ал инфляциянын жалпы деңгээлин убактылуу көтөрүү менен каржы саясатын жумшартса болорун белгиледи.
"Бюджеттик дефициттин убактылуу өсүшү акталды. Ал донорлор тарабынан толугу менен каржыланышы мүмкүн. Азыркы учурда чыгымды саламаттык сактоого сарптоо маанилүү. Кризис тынчып калганда бюджеттик дефицитти төмөнкү деңгээлге чейин кыскартса болот", — деген Георгиева.

Ал Улуттук банкка банк системасын колдоп, каражатты ушул тармакка керектөө зарыл деп кеңеш берди.

Кыргызстанда азыркы тапта 44 адам коронавирустан дарыланууда. Бир катар аймакка өзгөчө абал режими киргизилип, кечки саат 20:00дөн кийин көчөгө чыгууга тыюу салынган.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.





Поделиться новостью: