КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 7:16 | 26 чын куран

Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев СИЗОдон ооруканага которулду

Дата: 18:30, 19-09-2018.

Бишкек. 19 - сентябрь. КирТАГ – Альбина Метерова. Кыргызстандын мурунку өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев Улуттук коопсуздук кызматынын СИЗОсунан ооруканага которулду. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов парламентте билдирди.

«Жантөрө Сатыбалдиев текшерилип жатат. Кечээ күнү аны кардиологиялык клиникага жаткырган», - деди Идрис Кадыркулов

Анын айтымында дарыгерлер камакта камалып турган башка саясатчылардын да саламаттагына көз салып турат. Маселен Осмонбек Артыкбаев ооруканада дарыланып, кайра түрмөгө которулган. Учурда өзүн жакшы сезип жатат.

Парламент депутутаты Руслан Казакбаев абактагы кээ бир саясатчылар, алардын ичинен депутаттардын ден-соолугуна тынчсызданды.

«Маселен Осмонбек Артыкбаевдин жүрөгүнө жакында эле операция жасалды. Ал эс алып, дарыгерлердин кароосунда болушу керек. Ал дарыгерлердин СИЗОго киргизүүнү суранган. Бирок депутаттын суранычы аткарылган жок», - деди ал.

Эске салсак, мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 18-июнда Бишкек ТЭЦтин тегерегиндеги колррупциялдык иштерге шектелип камакка алынган. Ал учурда УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Поделиться новостью: