ЕАЭБ жөнүндө Макулдашуунун 5 жылдыгына арналып чыгарылган маркаларды басуу аземи болуп өттү
Бишкек. 9 - август. КирТАГ – ЕАЭБ жөнүндө Макулдашуунун 5 жылдыгына арналып чыгарылган маркаларды басуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Чолпон-Ата шаарынын «Рух Ордо» маданий борборунда (Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу) Евразия экономикалык биримдигинин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мааракелик жыйынынын алкагында интеграциялык биримдиктин мүчө-мамлекеттеринин Өкмөт башчыларынын катышуусунда маркаларды басуу салтанаты өттү.
Маркалар ЕАЭБ катышуучу мамлекеттеринин почта кызматтары тарабынан Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө Макулдашууга кол коюлушунун 5 жылдыгына жана евразия интеграциясы идеясынын 25 жылдыгына карата чыгарылган.