Депутат: ӨКМдин жалгыз тик учагы болсо ал да 2013-жылы эле иштен чыккан

Дата: 11:51, 10-10-2019.

Бишкек. 10-октябрь. КирТАГ – Жогорку Кеӊештин «Ар кыл маселелер» саатында депутат Бактыбек Турусбеков КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жападан жалгыз тик учагынын абалына токтолду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, аталган тик учак 2008-жылдан 2013-жылга чейин ижарага берилип келип, 2013-жылы учуу ресурсу түгөнүп, иштен чыккан. Ал эми ижарага төлөнүп келген каражат дагы кайда жумшалганы белгисиз. «Андыктан, бул тик учактын айланасында болуп жаткан сөздөргө чекит коюуга убакыт жетти»,- деген депутат Өкмөткө маселе койду.

Жыйын жүрүшүндө депутат Улан Примов Бишкек-Ош аба каттамында 3 каттам ишин токтотулганын айтып, өлкөнүн авиа тармагында абал оорлошуп бара жаткандыгы боюнча Өкмөткө коӊгуроо какты. Мындай көйгөйдү улаган депутат Аида Касымалиева «Ачык асман» долбоору боюнча Өкмөт тарабынан эч кандай иш-чаралар аткарыла электигин сынга алды.

Поделиться новостью: