КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 4:03 | 27 чын куран

Чет өлкөлөрдө 800 миңден ашык кыргызстандык жашап-иштейт, алардын 700 миңден ашыгы Орусияда

Дата: 09:40, 08-08-2019.

Бишкек. 8 - август. КирТАГ  –  КР тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө чет өлкөлөрдө 800 миңден ашык кыргызстандык жашап-иштейт, алардын 700 миңден ашыгы Орусияда.

КР президентинин алдындагы чет жерлердеги мекендештер менен байланыш боюнча кеңеш билдиргендей, аталган эсепке чет жакаларда убактылуу жана туруктуу жашаган кыргызстандыктар боюнча расмий жана бейрасмий маалыматтар киргизилди. Орусия Федерациясында КРнын 709 миң жараны жашайт жана иштейт; Казакстан Республикасында – 35 миң; Түркия Республикасында – 30 миң; АКШда – 15 миң, Корея Республикасында – 6550; БАЭде – 500; Италияда – 5500; Францияда – 2400; Бельгияда – 1820; Японияда – 516; Катарда – 512; Австрияда – 500; Швейцарияда – 250; Кувейтте – 210 кыргызстандык.

Поделиться новостью: