КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 14:39 | 26 чын куран

Чүйдүн тургуну экс-президент Атамбаевди сотко берип, 6 млн сом өндүрүп берүүнү суранууда

Дата: 16:47, 20-02-2019.

Бишкек. 20 - февраль. КирТАГ - Мунара Боромбаева. Чүй облусунун Айдар Халиков аттуу тургуну Аламүдүн райондук сотуна экс-президент Атамбаев жана Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Тайырбек Сарпашевди сотко берүү арызы менен кайрылды. Бул тууралуу КирТАГга райондук сот маалымдады.

Айдар Халиков паспорттон "улуту" графасын алып салгандыгын мыйзамсыз деп табууну өтүнүп, моралдык зыянды 6 млн. сомго баалаган. Соттон моралдык зыянды өндүрүп берүүнү сураган.

« Сот аталган арыздын талаптарга ылайык келбей турганын, арызды жазууда анын формасы жана мазмуну сакталбаганын билдирет. Тийиштүү документтер, доогердин паспортунун көчүрмөсү, ырастоочу далилдер тиркелбегендигинен арыз артка кайтарылды», - деп түшүндүрмө берди сот.

Эске салсак, 2016-жылы Кыргызстандын жалпы жарандык паспортунан «Улуту»  көрсөтүлгөн графа алынып салынган.



Поделиться новостью: