Чүй облусунун Лебединовка айылындагы турак үйдөн өрт чыкты
Дата: 15:41, 17-07-2019.
Бишкек. 17 - июль. КирТАГ – Чүй облусунун Лебединовка айылында турак үйдөн өрт чыкты. Маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ӨКМга кабар саат 15:07де келип түшкөн. Анда Лебединовка айылынын Победа көчөсүндө турак-үйдөн өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө эки унаа барып, саат 15:16да өрт чектөөгө алынган.
Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет.