КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 23:43 | 26 чын куран

"Бишкекжарнама" ишканасынын жетекчиси алмашты

Дата: 10:29, 07-06-2019.

Бишкек. 7-июнь. КирТАГ - Эмил Сыдыков "Бишкекжарнама" муниципалдык ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

"Бишкекжарнама" муниципалдык ишканасынын жетекчиси болуп учурда Бишкек шаардык кеңештин депутаты, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Эмил Сыдыков дайындалды. Ишкананын жетекчиси болуп дайындалгандан кийин КРнын "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын макамы жөнүндө" мыйзамынын 3-беренесине ылайык, ал депутаттык ыйгарым укуктарын тапшырат", - деп айтылат маалыматта.

Эмил Сыдыков 35 жашта, "Бухгалтердик эсеп" кесиби боюнча жогорку билими бар.

Поделиться новостью: