Бишкектеги базарлардын биринен жасалма дарылар кармалды
Бишкек. 14 - февраль. КирТАГ – Бишкектеги базарлардын биринен контрабандалык дарылар кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, финполго Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы дары-дармек жана медициналык техника менен камсыздоо департаментинин өкүлдөрү базарлардын биринде жасалма дарылар сатылып жатканын кабарлаган.
Аталган факт, Кылмыш жана жооруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш кодексинин 97-беренеси менен катталган.
12-февралда «Д.Д.» базарында тинтүү жүргүзүлүп, жасалган дарылар кармалган.