КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 18:30 | 26 чын куран

Бишкекте жаш көчөттөрдү сууктан сактоо чаралары көрүлүүдө

Дата: 14:31, 14-11-2018.

Бишкек. 14 - ноябрь. КирТАГ – Бишкекте жаш көчөттөрдү сууктан сактоо чаралары көрүлүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

««Бишкекжашылдандыруу» ишканасы быйыл тигилген жаш көчөттөрдү сууктан сактап калуу үчүн жылуу материалдар менен ороп чыгууда», - деп айтылат маалыматта.

Башкармалыктын жумушчулары менен көчөттөрдү жылуу каптар менен ороп, тамырларын сукка алдырбоо үчүн  жыгачтын күкүмдөрү менен жаап жатат.

Шаардык кызмат калаанын парк, сквер жана тротуарларындагы 10 миңден ашык жаш көчөттөрдү жылуулап чыгууну пландоодо.






Поделиться новостью: