КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 7:16 | 26 чын куран

Бишкекте Монголиянын элчилиги ачылды

Дата: 09:17, 13-06-2019.

Бишкек. 13 -июнь. КирТАГ – Бишкекте Монголиянын Кыргызстандагы элчилигинин расмий ачылышы болуп өттү. Ага Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга жана КРнын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков катышты.

Белгилей кетсек, бүгүн Монголиянын президенти Кыргызстанга расмий сапар менен келген.

Ал ачылышта сөз сүйлөп, элчиликтин ачылышы монгол-кыргыз алакасынын тарыхында маанилүү окуя экенин билдирди.

"Биздин элдер парламенттик башкаруу формасын тандап, коомду демократиялаштырууну ийгиликтүү жүргүзүүдө", - деди ал.

Ал эми, Айдарбеков эки өлкөнү эски маданий-тарыхый алака байланыштырып турарын айтып өттү.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстанда Монголиянын башкы консулдугу болгон. Эки өлкө дипломатиялык алаканы 1992-түзгөн.

Поделиться новостью: