Бишкекте өкмөттүн кезектеги жыйыны өтүүдө

Дата: 17:00, 26-10-2018.

Бишкек. 26 - октябрь. КирТАГ – Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы алдында бүгүн, 26-октябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында “Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору каралууда.

Мындан тышкары, жыйында Кыргыз Республикасынын 2017-жылдагы республикалык бюджетин аткаруунун аудити жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн кемчиликтерди четтетүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү жана күзгү-талаа жумуштарынын жүрүшү жөнүндө маселелер талкууланат.

Жыйындын күн тартибине киргизилген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын финансы  министри Адылбек Касымалиев жана Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев баяндама жасашат.

Поделиться новостью: