Бишкекте Батукаевдин соту башталды; экс-президентАтамбаев жана мурунку прокурор Жолдубаевага айып тагылууда

Дата: 09:54, 11-10-2019.

Бишкек. 11-октябрь. КирТАГ – Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш иши боюнча биринчи соттук отурум башталууда.
Соттук отурумга бул иште аты аталып жаткан мурдагы прокурорлор Аида Салянова, Индира Жолдубаевалар келди.

Батукаевдин ишинин алкагында айыпталуучу катары мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева жана Улуттук Гемотология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановдор да келишти.

Ошондой эле Тергөө менен кызматташууга баргандардын арасында мурдагы башкы прокурорлор Аида Салянова, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов, ошол учурдагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) башчысы, депутат Зарылбек Рысалиев, Батукаевди бошотуу жөнүндө чечим чыгарган судья Жапар Эрматов жана бир катар дарыгерлер да бар.

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Поделиться новостью: