КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 13:22 | 26 чын куран

Бишкекте абал тынч: милиция кырдаалды көзөмөлгө алып турат

Дата: 09:10, 09-08-2019.

Бишкек. 9 – август. КирТАГ – Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгы өткөн түнү калаада мыйзам бузуулар жана талап тоноо фактылары катталбаганын билдирди.

«Шаардык милиция жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти көзөмөлгө алып турат. Учурда абал тынч», - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Эске салсак, 8-августка караган түнү Кой-Ташта Алмазбек Атамбаев кармалгандан кийин анын тарапташтары борбордук аянтка түшүп келген. ИИМдин маалыматына караганда Алмазбек Атамбаев учурда тергөө органдарында сурак берип жатат.

Жумага оогон түнү Бишкекти абалды курчутуу аракеттери болгон.

«Милиция кызматкерлери коомдук тартипти бузуп, жолдорду бууп, өлкөдөгү саясий туруктуулукк бүлүк салгысы келген А.Атамбаевдин тарапташтарын таратты» -  деп билдирет ИИМ.

Поделиться новостью: