КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 23:51 | 26 чын куран

Бишкекте 100 орундуу бала бакчанын курулушу башталды

Дата: 16:13, 19-11-2019.

Бишкек. 19 - ноябрь. КирТАГ – Бишкекте жаңы бала бакчанын курулушу башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

"Биз Тыныстанова,193 дарегинде жаңы бала бакчанын курулушун баштадык. Учурда жер курулушка даярдалып жатат. Имарат эки кабат болуп, аянты 1216 чарчы метрди түзөт"-деп айтылат маалыматта.

Бала бакчаны Эм Эс Билдинг» компаниясы куруп берет. Курулушка 35 млн 602 миң сом шаардык бюджеттен бөлүнгөн.

Бала бакча кийинки жылы сентябрда пайдаланууга берилип, 100 баланы кабыл алат.


Поделиться новостью: