Бишкек шаарындагы ишембиликке 15 миң окуучу жана 5 миң мугалим катышты
Бишкек. 18 - март. КирТАГ – Бишкек шаарындагы ишембиликке 15 миң окуучу жана 5 миң мугалим катышты. Бул туурасында баш калаа мэриясынан билдиришти.
«Ишембиликке майрамга баргандай барабыз!» иш-чарасы лидерлердин шаардык комитети тарабынан уюштурулган. Акцияга шаардын баардык мектептеринин жогорку класстарынан 15 мин окуучу жана 5 миң педагог чыккан.
Шаардын 97 мектебинин президенттери – лидерлер балдар борборлорунда иштеп, ошол эле убакта ал жактагы балдар менен баарлашуу ниеттерин билдиришкен.
Социалдык акция 2014-жылдан бери өспүрүмдөр менен тыгыз иш алып барып келе жаткан Бишкек шаардык мэриясынын «Жаш карек» долбоорунун алкагында өттү.
Акциянын максаты – тинейджерлерди коомго аралаштыруу, алардын шаардын активдүү жашоосуна кошуу, эмгекке ак-ниет мамиле, табиятка камкор мамиле, ал эми калктын аялуу катмары болгон балдарга жана карыларга гумандуу мамиле кылууга үйрөтүү.