Берлинде Чыңгыз Айтматовго арналган адабий кече өткөрүлдү

Дата: 17:05, 07-09-2018.

Бишкек. 7 - сентябрь. КирТАГ –  Кече, Берлин шаарында (Германия), Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгынын алкагында, залкар жазуучуга арналган адабий кече жана фотокөргөзмө өткөрүлдү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө, жазуучу-айтматовед, адабий критик Ирмтрауд Гучке, жазуучунун чыгармачылыгы тууралуу айтып берип, суроолорго жооп берди.

Элчилик тарабынан уюштурулган фотокөргөзмө катышуучуларга абдан кызыктуу болгонун белгилеп, меймандар Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк адабиятка жана жааш муунду тарбиялоого кошкон өзгөчө салымын баса белгилешти.

Кеченин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилигинин өкүлдөрү меймандарга катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, 2018-жылдын октябрынын башында Кыргыз Республикасында боло турган «Чыңгыз Айтматов жана азыркы замандын көйгөйлөрү» Эл аралык Ысык-Көл форуму жөнүндө айтып беришти.

Иш-чарага герман жазуучулары, алабий критиктер жана окумуштуулар катышышты.

Поделиться новостью: