Баткен облусунда аял депутаттар кыз ала качуу боюнча жыйын өткөрүшөт

Дата: 16:19, 11-04-2019.

Бишкек. 11- апрель. КирТАГ –  Жогорку Кеңештин аял депутаттарынын форуму 13-апрелде Баткен облусунда кеңешме өткөрүшөт. Бул туурасында парламенттин пресс-кызматы билдирет.

Иш-чаранын жүрүшүндө «Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргонуу жөнүндөгү», «Кыз ала качуу үчүн жазаны катаалдаштыруу» мыйзамдарын аткаруунун жүрүшүн талкууга алышат.

Жолугушууга Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева, Рада Туманбаева, Махабат Мавлянова, Карамат Орозова, Айнура Осмонова, мындпан сырткары облустук администрациянын өкүлдөрү катышат.  

Поделиться новостью: