КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 16:24 | 26 чын куран

Башкы прокуратура: Зилалиев Атамбаевдин коррупциялык ишмердүүлүгүнө аралашкан

Дата: 14:37, 20-08-2019.

Бишкек. 20 - август. КирТАГ – Кыргызстандын мурунку вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге коорупцияга катыштыгы бар деген дагы бир айып тагылды. Бул тууралуу башкы прокуратура маалымдады.

«Аскер прокуратурасы Алмазбек Атамбаевдин коррупциялык иштерин байланыштуу жагдайларды иликтеп чыгып, сурьма казууга лицензия берүүдө Дүйшенбек Зилалиев жана агенттиктин статс-катчысы Шерикул Султановдун катыштыгы бар экендигин аныктады», - деп айтылат  маалыматта.

«Статс-катчы Шерикул Султанов Д.Зилалиевдин мыйзамсыз буюругун аткарып, тендер  өткөрүп арзан баа менен А.Атамбаевге тиешеси болгон «Инвестиционная компания «Хуасинь»ге тендерден утууга жардам берген.  «Инвестиционная компания «Хуасинь» ЖЧК Чаткал районундагы жалпы суммасы  103 686 072 доллар болгон сурьманы казууга уруксат алган», - деп түшүндүрөт башкармалык.

Эске салсак, Дүйшөнбек Зилалиевге башкы прокуратура мыйзамсыз байлык топтоо, кызмат абалына кыянаттык менен пайдалануу беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Поделиться новостью: