КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 14:49 | 09 бештин айы

Аз камсыз үй-бүлөлөрдүн социалдык паспорту электрондоштурулду

Дата: 12:26, 18-07-2019.

Бишкек. 18 - июль. КирТАГ –  Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык паспорттору электрондоштурулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, социалдык паспорт — аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жашоо-шартын көрсөтүп турган база. Ал жактан арыз ээлеринин канча баласы бар экени, кирешеси, мамлекеттен канча акча алары, майыптыгы бар-жогун толугу менен көрсө болот.

"Бул документти электрондоштуруу менен эми арыз ээлери ар кайсы мекемеге барып документ толтурбай калат. Социалдык кызматкерлер арыз ээси тууралуу маалыматты базадан карап билип алышат", — деп жазылат маалыматта.

Аталган программа Бишкек шаарынын Свердлов райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы, "Инфоком" компаниясы тарабынан иштелип чыккан.

Поделиться новостью: