КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 10:33 | 27 чын куран

Атамбаевдин тарапташтары суракка чакырылууда

Дата: 12:31, 09-08-2019.

Бишкек. 9 - август. КирТАГ – Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары суракка чакырылууда. Бул тууралуу Атамбаевдин партиялаштары социалдык түйүндөрдө жазып жатат.

«Жогорку Кеңештин депутаты Асель Кодуранованы ИИМге суракка чакырды. Мен чакыруусуз эле барууга даярмын. Айтатурган сөздөрүм бар. Бизди сындыралган жок!», - деп жазган Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина соцтармактагы баракчасына.

Маалым болгондой, Карамушкина ИИМге сурак берүүгө өзү барган.

Ошондой эле КСДПнын мүчөсү Кундуз Жолдубаева да сурак берип чыккан. Ал Фарид Ниязов 10-августка чейин камакка алынды.

Буга чейин маалым болгондой, Алмазбек Атамбаевдин УКМКнын тергөө абагында 26-августка чейин калтырылды.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаев 8-август күнү Аламүдүн району Кош-Таш айылындагы үйүнөн кармалган.

Алмазбека Атамбаевди кармоо операциясы 7-августта башталып, кечки саат 21:00гө чейин уланган. Бирок мурунку президенттин тарапташтары Алмазбек Атамбаевди күч органдарына бербей, коргоп калган. Жыйынтыгында жаңжал чыгып, бир атайын кызматтын жоокери ок жеп каза болгон.

Кыргызстандын учурдагы президенти Сооронбай Жээнбеков, Алмазбек Атамбаев мурун кылмышка күбө катары чакырылса, эми кылмышкер катары жооп беретургандыгын билдирген.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш 27-июнда Алмазбек Атамбаевди экс-президент статусунан ажыраткан. Депутаттык комиссия Атамабевга тагылган беш айып боюнча чечим чыгарган. Негизинен Атамбаевге мыйзамсыз байуу, кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотуу жана Бишкек ТЭЦтеги коррупция боюнча айып тагылууда.

Алмазбек Атамбаев болсо тагылган айыптарды моюндабай, суракка да үч жолу келбей койгон. Ал колунда куралы бар экенин эскертип, керек болсо ок чыгарууга да даяр экенин билдирген.

Поделиться новостью: