Алтын экспорттогондор менен импорттогондорду нарк салыгынан төлөөдөн бошотуу сунушталды

Дата: 13:28, 18-10-2019.

Бишкек. 18 - октябрь. КирТАГ - Ушу тапта өлкө аймагындагы зергерлер сырьего эркин кирүү мүмкүндүгүнө ээ эмес, ошол себептен аларды ар кандай мыйзамсыз жолдор менен ташып кирүүгө мажбур. Бул тууралуу депутат Экмат Байбакпаев Жогорку Кеңештеги «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоого арналган коомдук угуунун жүрүшүндө билдирди.

Иш-чарага депутаттар, өкмөт мүчөлөрү, тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, Зергерлер ассоциациясынын өкүлдөрү катышууда.

Демилгечинин айтымында, сунушталган мыйзам долбоорунда металл камтылган кендердин, концентраттардын, эритиндилердин жана аффинаждалган металлдарды жеткирүүнү жана экспортту гана эмес, аларды кайра иштетүү өнүмдөрдү, ошондой эле Кыргызстандын аймагына импорттолуучу импортердун өзү тарабынан түздөн-түз зергер буюмдарын жасоого багытталган концентраттарды, эритиндилерди, аффинаждалган металлдарды кошумча нарк салыгынан төлөөдөн бошотуу каралган.

Зергерлер ассоциациясынын маалыматына караганда, мыйзам долбоору кабыл алынса, Кыргызстан Борбордук Азияда зергер буюмдарынын эң ири өндүрүүчүсү болуп калат. Анткени, зергер буюмдарын дүйнөлүк керектөөнүн үчтөн бири – Индия менен Кытайда. «Кыргызстанда жылына 18-20 тонна алтын өндүрүлөт, мындай абал зергерчилик тармагынын өнүгүшүнө жакшы шарттарды түзөт», - деди Экмат Байбакпаев.

Ошону менен бирге, азыркы учурда Кыргызстанда бир катар көйгөйлөр бар экени белгилүү болду. «Бул тармакты жөнгө салган ченемдик-укуктук базанын эскириши, зергер буюмдарын өндүрүүчүлөрдүн алтын сырьесуна эркин киришинин жоктугу, зергер буюмдарын өндүрүү рыногунда мыйзамсыз схемалардын болушу, туура эмес салык салуулар зергерчиликтин ыкчам өсүшүнө тоскоолдуктарды жаратып, көмүскө экономиканын” катарын калыңдатууда», - деп кошумчалады демилгечи.

Жогорку Кеңеште «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоо жол-жоболору улантылууда.

Белгилей кетсек, Эл аралык талдоочулардын баа берүүсү боюнча, дүйнө жүзүндө өндүрүлүүчү алтындын (өндүрүү көлөмүнүн 70 пайызын) негизги керектөөчүсү зергерчилик тармагы болуп саналат. Эгерде, мыйзам долбоору кабыл аынса, Кыргызстанда 4 миңден ашуун кошумча жумуш оруну түзүлмөкчү.

Поделиться новостью: