Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы УКМКдагы ишинен алынды
Дата: 17:09, 20-09-2019.
Бишкек. 20-сентябрь. КирТАГ – Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаев иштен алынды. Бул тууралуу Улуттук Коопсуздук кызматы билдирди.
Канат Сагымбаев УКМКнын 9 бөлүмүндө иштечү. Ал “кызматына ылайыксыз” деген берене менен жумушунан бошотулган.
«Кызматтык иликтөөнүн негизинде К.Сагымбаев Улуттук коопсуздук органдарынан “Кызматына татыксыз” деген берене менен бошотулду”- деп айтылат УКМКнын маалыматында.