КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 10:05 | 26 чын куран

Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы шаардык сотто эмес, УКМКда каралмай болду

Дата: 09:42, 16-08-2019.

Бишкек. 16 - август. КирТАГ – Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратында каралмай болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазууда.

Учурда ал жакка аялы Раиса Атамбаева, баласы Кадыр Атамбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, КСДПнын мүчөсү Кундуз Жолдубаева жана айрым тарапташтары чогулууда.

Адвокат Замир Жоошев соттун көчмө жыйынды УКМКнын имаратында өткөрүп жатканын "одоно мыйзам бузуу" деп эсептеп жатат. Ал "соттор мурдагы президентке карата кылмыш иштери боюнча ачыктык принцибин бузуп жатат" деп белгилеген "Фесбуктагы" баракчасына.

Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын бүгүн Бишкек шаардык сотунда каралышы керек болчу. Соттук отурум саат 10:00го белгиленген.

Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-август күнү аны кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча кылмышка шектүү катары караган тергөө материалдарынын негизинде бөгөт чарасын аныктап, 26-августка чейин абакта кармоо тууралуу чечим чыгарган.

13-августта ага Жазык кодексинин «Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук», «Массалык башаламандык уюштуруу», «Киши өлтүрүү», «Кылмышка аракеттенүү», «Барымтага алуу», «Куралдуу ок дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» беренелери боюнча маалымдама берилген. Кийин Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо, «Форум» ишканасы, Кой-Таштагы үйү, жер тилкелери, тоо-кен ишканаларына лицензия берүү сыяктуу бир нече айыптар коюлду. Аскер прокуратурасы 14-августта ага дагы кошумча төрт эпизод боюнча айып койгон.



Поделиться новостью: