КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 2:25 | 27 чын куран

Алматыда электр энергиясын берүү массалык үзгүлтүккө учурады

Дата: 16:30, 15-07-2019.

Бишкек. 15 - июль. КирТАГ –  Казакстандын Алмата шаарында электр энергиясын берүү системасы массалык үзгүлтүккө учурады. Саат 14:00дөн баштап Алматада жарык өчүрүлгөндүгүн «Информбюро» басылмасы билдирди.

Жарык бир гана электр кубатын өндүрүүчү генератору менен камсыз болгон имараттарда болгон. Ошондой эле аталган басылманын кабарчысы көчөлөрдө жол чырактар иштебей, кесилиштерде баш аламан башталганын билдирди.

«Патрулдук полициянын кызматкерлери биринчи кезекте борбордук көчөлөрдү андан кийин экинчи даражадагы көчөлөрдү жапты. Көчөдөгү кыймылды көзөмөлдөөгө 400 жол тескөөчүлөр тартылды. Абал туруктуу, жол кырсык катталган жок», - деди полиция департаментинин өкүлү Салтанат Азирбек.

Саламаттыкты сактоо башкармагынан билдиргендей, медициналык мекемелерде дагы жарык берүү үзгүлтүккө учураган. Бирок операциялык жана жандандырүү бөлүмдөрүндө иш токтогон эмес.

Алматада метро саат 15:00дөн баштап иштебей калган. «Жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн метрополитен өчүрүлдү», - деп айтылат метронун басма сөз кызматында. Ал эми аэропорт штаттык режимде иштеп жатат.

«Жылуулук энерго комплекс» ишканасынын расмий өкүлү Ян Гирин электр энергиянын генерациясында көйгөй жаралганын билдирди. Анын айтымында учурда айрым райондорго резервдик система аркылуу жарык берилип, авариялык бригадалар иштеп жатат.

Министрликтин расмий өкүлү Женисбек Нурлыбек бул кырдаал ЖЭБ-2, ЖЭБ-3 жана Капшагай шаарындагы гидроэлектрстанцияга таасирин тийгизгенин билдирди.

Поделиться новостью: