Ала-Белде айдоочу унаасынын дөңгөлөгүнүн астында калып каза болду

Бишкек. 15 - октябрь. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Ала-Бел ашуусунда маршруттук таксинин айдоочусу унаасынын дөнгөлөгүнүн астында калып каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облусттук ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 13-октябрга караган түнү Аксы районунун 1974-жылы туулган тургуну Т.Азамат «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаасы менен Бишкек шаарына бара жаткан. Ош—Бишкек жолунун Ала-Бел ашуусуна жеткенде унаасы бузулган айылдашын көргөн. Ал Аксы районунун Кош-Дөбө айылынын Атана участкасынын 1993-жылы туулган тургуну Ы.Бексултан болчу. Ал дагы «Мерседес-Бенц Спринтерде» болгондуктан, ага тетик берүү үчүн унаасын жол четине токтоткон.
Т.Азамат унаасы жылып кетпеши үчүн арткы дөңгөлөктөрүнө таш коюп жаткан. Жол тайгалак болгондуктан унаа артка жылып аны тебелеп, 30 метрдей сүйрөп барып токтогон.
Айдоочу аймактык ооруканага жеткирилген, бирок өзүнө келалбай каза болуп калган.