Ак калпак ЮНЕСКОнун маданий мурасынын тизмесине киргизилди

Дата: 17:04, 13-12-2019.

Бишкек. 13 - декабрь. КирТАГ –Ак калпак жасоо өнөрү жана кийүү салты ЮНЕСКОнун Адамзаттын бейзаттык маданий мурасынын тизмесине киргизилди. Бул тууралуу ЮНЕСКО билдирди.

Маалыматка караганда, 2019-жылдын 12-декабрда Колумбиянын борбору Богота шаарында өтүп жаткан Адамзаттын бейзаттык маданий мурастарын коргоо боюнча Өкмөттөр аралык комитетинин 14-отурумунда бир добуштан кабыл алынды.

Аталган сунуштаманы даярдоо боюнча иштер акыркы 3 жылдын ичинде «Кийиз Дүйнө» коомдук фонду менен биргеликте ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук комиссиясы тарабынан жүргүзүлүп келген. Сунуштама ЮНЕСКОнун Катчылыгына 2018-жылы жиберилип, көз карандысыз эл аралык серепчилер сунуштамаларды 2 жылдын ичинде талдап, чечимдерин чыгарышкан. Адамзаттын бейзаттык маданий мурас Өкүлдүк тизмесине сунуштаманы киргизүү боюнча акыркы чечим ЮНЕСКОнун бейзаттык маданий мурастарын коргоо боюнча комитети тарабынан кабыл алынды.

Эске салсак, ЮНЕСКОнун бейзаттык маданий мурастарынын тизмелерине  Кыргызстандын атынан «Манас», «Семетей», «Сейтек» үчилтиги; акындардын өнөрү; кийиз басуу өнөрү: ала кийиз, шырдак жасоо өнөр; боз үй жасоо өнөрү (Кыргызстан, Казакстан); төкмө акындар өнөрү (Кыргызстан, Казакстан); жука нан бышыруу маданияты: лаваш, катырма, жупка, юфка (улуттар аралык сунуштама); Нооруз майрамы (улуттар аралык сунуштама) жана көк бөрү киргизилген.

Поделиться новостью: