КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 10:39 | 26 чын куран

АӨБ Кыргызстанга гранттык негизде 50 млн доллар бөлөт. Макулдашууга президент кол койду

Дата: 17:09, 11-11-2019.

Бишкек. 11 - ноябрь. КирТАГ - Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков «2019-жылдын   8-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы —  1-чакан программа боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 24-октябрында кабыл алынган.

Азия өнүктүрүү банкынын Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы соода жана инвестициялар чөйрөсүндө атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу, чакан жана орто бизнести колдоо жана жумуш орундарын түзүү үчүн шарттарды түзүү жолу менен Кыргыз Республикасында туруктуу экономикалык өсүштү колдоого багытталган.

Ушул макулдашуунун алкагында Кыргыз Республикасына гранттык негизде 50 млн АКШ доллары өлчөмүндө финансылык жардам берилет. Финансы каражаттары республикалык бюджетти колдоого багытталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Поделиться новостью: