Өйдө-ылдый болгон энерготарифтер кыргызстандыктардын кыжырына тийип, митинг уюштурууга түрткү болууда

Дата: 10:24, 19-02-2015.

Бишкек. 19-февраль. КирТАГ – Бакыт Толканов, Альбина Метерова, Мунара Шадыманова. 2014-жылы кыргызстандыктар үчүн энергетарифтер үч ирет өзгөрүлүп, алардын экөө декабрда болгон.
Биринчи жолу «үч фазалуулар» үчүн тарифтер 1,2 сом\кВтс өзгөрдү, экинчи ирет ал 700 кВтс чейин 70 тыйынга түшүрүлдү. Эгерде лимиттен аша колдонгон болсо абоненттер 2,05 сом/кВтс төлөөгө мажбур болушкан.

Бирок, бул баалар ордунда калбастан, 2015-жылдын апрель айынан тарта 70 тыйынтык базалык тариф 84 тыйынды түзөт. Муну менен токтоп калбастан электркубатынын тарифи ар жылы өсүп турмакчы.

Буга байланыштуу КирТАГ редакциясы бир катар кыргызстандыктардын пикирин билип көрүүнү чечти.

Электркубатын жогорулатуу боюнча пикирин авто оңдоочу жайдын ээси төмөнкүчө деп билдирди.

«Мен үчүн эң башкысы электркубаты үзгүлтүксүз берилип турса, ошондуктан бааны жогорулатууга каршы эмесмин. Бирок, электркубатын жогорулатуудан түшкөн каражат инфраструктураны өнүктүрүүгө жана үзгүлтүкүсз камсыздоого сарпталса гана каршы болбойт элем», - деди ал.

Логистика боюнча агент Азамат Исмаилов дагы тарифтерди жогорулатуу мүмкүн экендигин айтты.

«Эгерде мага тарифтердин эмне себептен жогорулатылып жаткандыгын так түшүндүрүп берсе, бир аз бааны көтөрүүгө каршы деле эмесмин. Бирок, электркубатынын тартыштыгын бааны көтөрүү жолу менен жоюу керек дегендери таң калыштуу көрүнөт. Бааны көтөрсөңөр да, бирдиктүү тариф койгула, лимит жарабайт».

Сурамжылоого алынган кыргызстандыктардын көбү тарифтерди көтөрүүгө таптакыр каршы. Ошндой эле өйдө-ылдый тарифтик саясат да элдин кыжырына тийип жаткандай.

«Өткөн кышта электр жарыгы үчүн 800 сомдон 1 миң сомго чейин төлөчүбүз. Эми биз 3-4 миң сомдон төлөп берип жатабыз, бул чаканүйдүн ижаралык төлөмүнө барабар болуп жатпайбы. Турак жай үчүн ижара акысын төлөсөм, жарык үчүн төлөөгө акчам жетпей калып жатат. Мындан ары эмне кылаарымды да билбей калдым. Эптеп жазга жетүү үчүн тааныштарымдан карыз алып жатам»,- дейт куруучу Маматасан Токторов.

«Жакынкы убакытка чейин жеке үй ижарага алып, аны электркубаты менен жылытчумун. Өткөн кышта жарык үчүн 1 миң сомго чейин төлөчүмүн, бул айда 2 миң сомдон ашык чыгып келиптир», - деп мисал келтирди Бишкектин тургуну Нурзада Тынаева.

Өйдө-ылдый тарифтер бир гана турак жайды ижарага алып жашагандар үчүн эмес, өздүк турак жайы барлар үчүн да оор тийүүдө.

«Мурда көп болсо 500 сомдон төлөчү элек, учурда 1500 сомдон болуп чыгып келет. Биз үчүн бул өтө чоң сумма да. Менин жолдошум 12 миң сом маяна алат. Тарифтерди көтөргөнгө жараша айлык акыны эмнеге көтөрүшпөйт? Тарифтердин өсүүсү азык-түлүк бааларына да таасирин тийгизет. Баарынан кыжырга тийгени, биздин өлкөдө башка өлкөлөргө салыштырмалуу тарифтер өтө эле төмөн деп жаткандары, бирок ал жерде айлык акылар да биздикинен алдаканча жогору эмеспи», - деди Баткендик үй  кожойкеси Айганыш Аташева.

Нааразылык туудурган дагы бир факторлордун бири, энергетиктер тарабынан репрессиялык чаралардын активдештирилиши.

«Мен төрт кыз менен батирде жашайм, үйгө кечке маал гана келебиз. Электр жарыгы үчүн бул айда 242 сом чыгып келген экен, мурда биз болгону 50-60 сомдон төлөчү элек. Анысы аз келгенсип, бир эк күн төлөм жүргүзүүдөн кечиксен электр жарыгын өчүрүп салмайлары да бар, мурда мынчалыкка барышкан эмес», - деди студент Айгүл Алмазова.

Көптөгөн тургундар электркубатын үнөмдөөгө аракет кылганы менен кээ бир учурларда мындай чаранын аягы жакшы аяктабай калып жатат. Буга Чолпон-Атанын тургуну, эки баланын энеси Гүлнара Досованын окуясы күбө.

«Базарда пирог жазап сатуу менен нан таап жейм. Биз абдан үнөмдөп жашайбыз. Электркубатын 700 кВтс ашырбоого аракет кылабыз. Мешке от жагып жылытканыбыз менен үй суук болду, жылыткычтарды такыр күйгүзбөдүк. Ошондуктан балдарым кышы бою суук тийип ооруп чыгышты, кичүү балам ушу күнгө чейин жөтөлү тыйылбай ооруп келет. Учурда Чолпон-Аталыктар айтып жатышат, Нарында митингге чыгышканын, бирок аларды токтотуп коюшкан экен, мындай улана берсе биз да митинге чыгабыз. Көпчүлүк эл жумушсуз отурат, мындан ары эмнени, кантип төлөөрүн билишпейт».

Кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү электркубатынын баасы туура эмес көтөрүлүп жаткандыгына ишенишет. Алардын айтымында буга энергомафия, паракорчулар жана колунан эч нерсе келбеген жетекчилердин күнөөлүү.

«Электркубатынын көтөрүлүшүнө мен таптакыр каршымын. Учурда баарын суунун аздыгына шылтап жатышат. Анда эмнеге суу көп болуп турганда электркубатын экспорттошуп, сууну үнөмдөөнү ойлонушкан эмес? Натыйжада биз Казакстандан үч эсе жогору баадагы электркубатын импорттоп отурабыз. Бизде электркубаты эң арзан экендигин сайрап жатышып, эмне үчүн электркубаты көмүрсуутекте эмес, ГЭСте иштелип чыгаарын айтып коюшпайт. Буга жараша биздеги электркубаты арзаныраак да», - деди жумушсуз Мелис Аскеров.

Белгилей кетсек, 2015-жылдын январында Нарын шаарында жана Токтогулда электркубатынын тарифтеринин көтөрүлүшүнө каршы митингдер өткөрүлгөн. Митингге чыгуу жолу аркылуу нарындыктар электркубатынын баасын бир аз басаңдатууга жетишишти.

Поделиться новостью: