Бешик жасоо жана баланы бешикке салуу кыргыздардын үйбүлөлүк салты
Ошто бир кварталда бешик жасоочу усталар жасайт. Алардын бири Дилмурат Хамракулов КирТАГга бешик жасоонун сырлары менен бөлүштү.
«Даракты биз чекене баада сатып алабыз, ар бир куб метири мага 200 сомдон келет. Бирок жумушту баштоодон мурун сен алган дарак 8-9 ай ачык суу тийбеген жерде туруп кургашы керек. Бул убактарда сөнгөктүн үстүнө бир канча жолу суу куюлат. Андан кийин кайра кургашы үчүн күнгө кактайбыз. Бешикти жасап жатканда мен мык колдонбогонго аракет кылам. Мык колдонсоң бешиктин өмүрү кыска болот деген эскиден калган сөз бар», - дейт уста.
Уста негизинен тал жана карагай менен иштейт. Бирок карагайды табыш оңой эмес, баасы да кымбат.
«Базардан жыгачты сатып алып жатканда эле бешикке жарактуусун тандап алам. Сөнгөктөн бешик жасайм, туура эмес жыгачтарды түздөп иштетебиз», - деп тажрыйбасы менен бөлүштү Д. Хамракулов.
Техниканын өнүгүүсү менен бешик жасоо да мурдагыга караганда оңой эле болуп калган. Эми бешикти бир күндө жасап койсо болот.
«Бешик жасоонун акыркы этабына үйбүлөбүз менен жапырт киришебиз. Жылтыратып краска бериш керек болсо уулум жардамга келет», - деп күлөт уста.
«Бул кесип менен 17-жылдан бери алектенип келе жатам. Армиядан кийин токарь заводунда иштедим. Ал жакта союз тараганга чейин эмгектендим. Качан бир туруктуу жумуш тапканымча ар кайсы жерде иштеп жүрдүм. Убагы келип үйүмө устакана ачтым», - дейт ал.
«Биз аялым экөөбүз үч уул бир кызды тарбиялап өстүрдүк. Кызыбызды турмушка бердик, балдарыбыз биз менен чогуу турат. Чоң улуум биз сөзүбүздү укпай эле көбүрөөк тыйын таап келем деп Оруссияга кеткен эле. Бирок ал көп өтпөй эле, туулган жер жакшы экенин түшүнүп, жетип кайра келип, мени менен чогуу иштеп жатат. Уулум бул ишке кызыгуусу күч, жакшы акча табатурган жумуш тапса да, кайра эле кайтып келип мени менен иштеп жатат», - депбелгиледи Д. Хамракулов.