Кыргыз Фемидасы: акча, бийлик жана байланыштар

Дата: 12:40, 28-05-2016.

Бишкек. 28-май. КирТАГ – Кыргызстандын сот системасы «аксап» жана ичинен чиригени эч кимге деле сыр эмес. Соттук реформалар жүргүзүлүп, коррупция менен күрөшүү аракеттерине  карабастан өзгөрүүлөр болбой келет. Адамдар сотторго эмес, акчанын күчүнө көбүрөөк ишенип алышты.

Эмгектин ардагери жана тылдын кызматкери Иблас Малоэр 20 жыл бою Кыргызстандагы жападан жалгыз, согуштун 96 ардагери үчүн делген эс алуу аймагын бутуна тургузган. Бирок, анын эмгегин чиновниктер уялбастан тартып алышкан. Чүй облусунун Москва районундагы Александровка айыл өкмөтүнүн кызматкерлери документтерди жасалмалап, ал жерди басып алышкан жана аймактын бир бөлүгүн үчүнчү жакка сатып жиберишкен.

Бул иш боюнча сот процесси беш жылдан бери жүрүп келет.

«1990-жылы «Дружба» колхозунун төрагасы, чарбачылыкка колдонууга жарабай турган жерлерди (саз) эс алуу аймагы үчүн деп, Александровка айылында жашаган согуштун ардагерлерине бөлүштүрүп берген. Ардагерлер 8 гектар жер тилкесин акыры ээлеп калуу менен иштетүү жана колдонуу укугун бир добуштан Иблас Малоэр, менин атама өткөрүп беришкен. Менин атам кол менен дренаждык канал казып, ал жерлерди кургаткан.

Айыл тургундары ал жерге көчөттөрдү отургузушуп, бакча кылышты. Саз жер ажайып эс алуу аймагына айланды.. 2011-жылга чейин, менин атамдын көзү өткөнгө дейре жергиликтүү бийлик, жердин документтерин каттап берүүнү убада кылышкан. Бирок, атам каза болгондон кийин дароо колхоздун кудуретсиздиги тууралуу процедурасын баштап, участокту жасалма документтер аркылуу башкаларга каттатып коюшту. Александровка айылынын 14 миң тургуну саздак жерди менин атам калыбына келтиргендигин тастыктап бере алышат. Эс алуу аймагы баардыгы үчүн акысыз, эс алуучулардан биз эч убакта акча алган эмеспиз. Ошондой эле, өздөрүн бакшы прокуратуранын кызматкерлери деп тааныштырган адамдар келип, аймакты бошотуп берүүмдү талап кылышты. Бул ишке Александровка айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Исхар Сализа жана колхоздун атайын администратору С. Майлыбаевдин катышы бар. Дал ушул адамдар документтерди жасалмалап жана участокту аукциондо саткан имш. Ошол эле ал адамдар мени үйдөн баш тарткандыгым тууралуу арыз жазып берүүмдү талап кылышты», - деп билдирди КирТАГга Иблас Малоэрдин уулу жана мураскери Паншер Малоэр.

Анын айтымында, 2011-жылдан бери Малоэрдин үй-бүлөсү сот аркылуу, депутаттарга кат жазуу аркылуу акыйкаттык издеп, андан эч майнап чыкпай келет. Адвокат Оксана Жданованын айтымында, соттук тартышуулар 2011-жылдан бери созулуп келе жатат жана жер тилкеси чындыгында эле «Дружба» колхозунун кудуретсиздигинин жүрүшүндө атайын администратор С. Майлыбаев тарабынан жасалма документтер менен сатылып кеткен.

«Мыйзам тарабынан бул абалды акыйкаттыктын нугуна буруу каралган. Жер кодексинин 6-беренесинде каралгандай, жер тилкесине өздүк менчик укугу, Жер кодекси киргизилгенге чейин (1999 ж. июль а.ч.) жерди алгандарга ( же өзүм билемдик менен ээлеп алгандар) берилет, ал эми Малоэлер болсо жерди 1990-жылы алышып, ал жердин сапатын жакшыртышкан. Айтсак, жерди ээлеп калуу укугу Малоэрдин үй-бүлөсүнө берилсе болот. Булар жерди өздөрүнө каттатып алыш керек болчу, бирок документтер жасалмаланып кеткендиктен жетише албай калышкан», - деди адвокат.

Кийинчерээк, Юстиция министрлигине караштуу соттук экспертизалар мамлекеттик кызматы, учурда айыл өкмөтү шилтеме берип жаткан документтердеги баардык мөөрлөрдүн жасалма экендигин тастыкташты. Ошондой эле экспертиза тарабынан, колхоз жерди өздөштүрүүгө каражат бөлбөгөндүгү далилденди.

Бирок, төрайымы Садырова Чынаранын  алдындагы район аралык соту соттук экспертизалар борборунун бүтүмүн эске албастан, Паншер Малоэрдин арызын канааттандырган эмес. Ошондой эле Бишкек шаардык соту да соттук эксперттердин бүтүмүн эске алышкан эмес.
.
«Алгач, «Сен соттук териштирүүлөр менен эч нерсеге жетише албайсың. Мен бул ишти жаптырып салганга акчам да жетет, тааныштарым да бар», - деген колхоздун атайын администратору Майлыбаевдин сөзүнө маани деле берген эмесмин. Сотто мыйзам менен факты эмес, акча жана байланыштар роль ойной тургандыгын эми түшүнүп отурам. Район аралык соттун төрайымы Садыровага кайрылып, сот эмне үчүн соттук экмпертизалардын бүтүмүн эске албай жаткандыгын сураганыбызда, ал төмөнкүдөй жооп кайтарды. «Эмнени эске алаарын, же албай тургандыгы сот өзү чечет!» Кылмыш далилденип отурса дагы, Чүй облусунун прокуратурасы айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин кылмыш жообуна тартуудан баш тартып коюшту. Эми түшүнүп отурам, акча жок,  биздин өлкөдө акыйкаттуулук жок экен!», - деп белгиледи Паншер Малоэр.

Малоэрдин үй-бүлөсүнүн айыл өкмөтүндөгү алдамчылар менен натыйжасыз күрөшүп келе жаткандыгы тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары бир нече жолу жазып чыгышкан. Буга карабастан тийиштүү органдар укпаган, көрбөгөндөй аракет кылып келишет.

Сот системасындагы кезектеги акыйкатсыздык мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин сөзүнө шек келтирип жатат:
Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин айтканы: «Адамдардын укугун жана эркиндигин коргой тургандар өздөрү биринчилерден болуп мыйзам бузуп жаткандыгы өкүндүрөт. Кеп, республиканын сот системасынын өкүлдөрүнүн акылга баш ийбеген жүрүм-турумунда болуп жатат. Жогорку соттун судьяларынын алдында жарандардын сотко болгон ишенимин жогорулатуу, судялык корпустагы коррупцияны жоюу жана тазалануу, соттук реформа жүргүзүү боюнча мааниилүү максат турат».

Белгилей кестек, кезектеги маалымат-жыйынынан соң Бишкек шаардык соту Паншер Малоэрдин апелляциясын канааттандырган. Кийинки сот жыйыны 27-майда болмокчу.

Поделиться новостью: