Бишкекте Нооруз майрамдалууда

Дата: 17:57, 21-03-2018.

Бишкек. 21 - март. КирТАГ – Мунара Боромбаева.  Бишкекте Нооруз майрамдалууда.

Майрамдык иш-чаранын негизги бөлүгү Ала-Тоо аянтында өтүүдө. Мэрия шаардыктар жана коноктор үчүн кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерт уюштуруп, театрлаштырылган программа тартуулады.

Мындан тышкары, улуттук тамак-аш боюнча конкурстар,жарманке жана спорттук жарыштар өткөрүлүүдө.

Курманжан Датка эстелигинин алдында Тышкы иштер министрлиги мэрия менен бирдикте Кыргызстанда каттоодо турган дипломаттык корупустун өкүлдөрүнүн катышуусунда «Нооруз 2018» атуу жарманке уюштурду.

Майрамдык иш-чарага премьер-министр Сапар Исаков, 20дан ашык чет элдик дипломаттар жана эл аралык уюмдар катышты.
Дипломаттык корпустун жарманкесинен түшкөн каражаттар аз камсыздалган үйбүлөлөргөжумшалат.

Ноорузду майрамдоого Бишкек шаардык мэриясы бюджеттен 1 млн 100 миң сом сарптаган.

Поделиться новостью: