Өкмөт башчы Абылгазиев мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоону күчөтүүнү тапшырды

Дата: 11:06, 10-01-2020.

Бишкек. 10 - январь. КирТАГ – Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн күч түзүмдөрүнө Баткен облусунда болуп өткөн окуяга байланыштуу кыргыз-тажик тилкесинде мамлекеттик чек араны кайтарууну жана коргоону күчөтүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Укук коргоо органдарына аймакты туруктуу кайтаруу жүргүзүү жана чектеш аймактардагы жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана окуянын чыңалышына жол бербөө үчүн чаралардын бардык топтомун ишке ашыруу тапшырылды.

Муну менен катар Өкмөт башчы кырдаалды тез арада жөнгө салууyну жана чыңалууну толук жоюу үчүн Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаковго эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдарынын, ошондой эле облус жетекчилеринин ортосундагы сүйлөшүү процессин күчөтүүнү тапшырды.

Мухаммедкалый Абылгазиев кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча ишти илгерилетүүгө чейин кандайдыр бир чагымчылдыкка алдырбоо жана кырдаалдын курчушуна алып келбөө үчүн  чараларды кабыл алуу керектигин өзгөчө баса белгиледи.

Поделиться новостью: