Зыяратчылар үчүн Меккеге авиабилетердин баасы $1500ди түзөт - КМДБ

Дата: 16:32, 03-04-2015.


Бишкек. 3-апрель. КирТАГ – Гулиза Чудубаева. Зыяратчылар үчүн Меккеге авиабилетердин баасы $1500ди түзөт. Бул ууралуу КирТАГга Кыргызстандын мусулмандар диний башкармалыгынын башчысынын орун басары Замир Ракиев билдирди.

«Бизде авиакомпаниялардын арасында тендер өткөрүлдү. Flynas авиакомпаниясы Меккеге зыярачыларды ташуу боюнча тендерди жеңип алды. Зыяратчыларды ыйык шаарга ташуу 2015-жылдын август-сентябрь айларында башталат. Билеттин баасы 1500 доллар, өткөн жылы 1350 эле», - деди З. Ракиев.
Анын айтымында, баардыгы болуп тендерге эки компания – Flynas (Сауд Аравия) жана жергиликтүү «Манас Эйр» катышкан. Бирок жергиликүү компания документерди толугу менен тапшырган эмес, ошондуктан чет элдик авиакомпания жеңди. Бүгүнкү күндө зыяратчыларды ташуу боюнча гана маселе чечилди. Азырынча сапардын жалпы баасы аынктала элек.

Поделиться новостью: