Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров чек ара маселелери боюнча кеңешме өткөрдү
Бишкек. 28 - апрель. КирТАГ –Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров онлайн режиминде чек ара маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө Чек ара маселелери боюнча катчылыктын, Өкмөткө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин, Өкмөткө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн ишмердүүлүгү боюнча учурдагы маселелер талкууланды.
Акрам Мадумаров буга чейин жетишилген макулдашуулардын алкагында чек ара боюнча маселелердин, ошондой эле чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча жумуштарды сапаттуу иштеп чыгууну улантуунун маанилүүлүгүнө токтолду.
Кеңешмеде ошондой эле чек ара аймактарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жана Жогорку Кеңештин чечимдерин аткарууга байланыштуу маселелер талкууланды.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик тармактык органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу коопсуздук чараларын күчтөндүрүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.
Баткен облусунун жетекчилигине жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө байланыштуу чектеш райондордогу суу ресурстарын коңшу мамлекеттер ортосунда мурда жетишилген келишимдерге ылайык пайдалануу маселесин өзгөчө көзөмөлгө алуу тапшырылды.