Президент Атамбаев өлкөнүн мыкты студенттерине өз колу менен стипендия тапшырды

Дата: 16:49, 28-10-2016.

Бишкек. 28-октябрь. КирТАГ - Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 28-октябрда «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясындагы «Эне-Сай» кабыл алуу үйүндө  өлкөнүн жогорку окуу жайларынын эң мыкты студенттерине президенттик стипендияларды тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы быйыл 61 студент максатка умтулгандыгы жана максатынан кайтпаган көктүгү үчүн президенттик стипендияга татыктуу болгонун айтты жана аларды куттуктады.

Алмазбек Атамбаев билимдин маанисин, ошондой эле чет тилдерди билүүнүн зарылдыгын балгиледи.

«Мамлекеттик тилди билбегендик – бул күнөө эмес, мамлекеттин башына түшкөн мүшкүл. Анткени  мамлекттик тилди окутууга каражат өткөн жылы гана бөлүнө баштады. Баары мамлекеттик тилди түшүнүп, бири-бири менен мамлекеттик тилде сүйлөшүп баштаганча көп жылдар өтөт деп ойлойм.  Азыр тилдерди үйрөнүү – эс-акылыңды сергек кармоонун эң башкы ыкмаларынын бири. Бир нече тилди билип, адамдар менен алардын эне тилинде  сүйлөшүүнүн жакшы жактары көп. Президент катары мага бул абдан жардам берет», - деди Мамлекет башчысы.


Анын айтымында, бүгүн залда олтурган студенттер болочоктогу өлкө элитасынын негизин түзөт. Анткени уурдалган акчага мыйзамсыз байып, элита болуп алышкан адамдардын мезгили бүтүп баратат.

«Азыркы парламент өз мөөнөтү бүткүчө жакшы мыйзамдарды, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесине талапты күчөткөн мыйзамды да кабыл алат деп ойлойм.Өткөн шайлоолордо көп партиялар өз шайлоочуларын алдап кетишти. Чынында тизме боюнча шайлоого жаштар, аялдар, ар кандай этностордун өкүлдөрү бар болчу. Ал эми шайлоодон кийин парламентке акчалуу адамдар гана келишти. Бул парламент өз мөөнөтүнүн аягына чейин иштеши керек. Бирок кийинки шайлоодо силер сыяктуу адамдарды депутаттыкка талапкерлердин тизмесине киргизе башташат», - деп белгиледи Президент.


Сөзүнүн аягында Президент студенттерге ден соолук, бак-таалай, ийгиликтерди жана көздөгөн максаттарына жетишин каалады. «Эч убакта өз катаңарды моюнга алгандан коркпогула. Эч убакытта көздөгөн максатыңардан кайтпагыла. Турмушта сынбоого аракет кылгыла», - деди өлкө лидери.

Андан ары Президент Алмазбек Атамбаев жогорку окуу жайлардын 61 эң мыкты студенттерине 50 000 сомдук стипендияны жана мактоо баракчаларын тапшырды.

Поделиться новостью: