“КР айрым облустарынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыкка кол коюлду

Дата: 13:31, 28-10-2016.

Бишкек. 28-октябрь. КирТАГ - Бишкек. 28-октябрь. КирТАГ - Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Чүй, Талас жана Нарын облустарынын кээ бир жергиликтуу кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык, жергиликтүү кеңештер тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары шайланбагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 5-бөлүгүн, 49-беренесинин 6-бөлүгүн жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин 2-бөлүгүн жетекчиликке алып, токтом кылынат:

1.      Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сунушу кабыл алынсын жана Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Арал айылдык кеңеши, Чүй облусунун Кемин районунун Кемин шаардык кеңеши, Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңеши, Талас облусунун Талас районунун Бекмолдо айылдык кеңеши, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Терек айылдык кеңеши жана Жумгал районунун Чаек айылдык кеңеши таркатылсын.

2.      Жогоруда аталган жергиликтүү кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоо жекшембиге, 2016-жылдын 11-декабрына дайындалсын.

3.      Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жергиликтуу өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органдарына мөөнөтүнөн мурда шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.

4.      Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнчаборбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасына ылайык зарыл финансылык каражаттарды бөлсүн;

- мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин, коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.

5. Ноокен, Аламүдүн, Кемин, Талас, Ак-Талаа жана Жумгал райондорунун мамлекеттик администрацияларынын башчылары шайлоого даярдык керүүдө жана өткерүүдө шайлоочулардын тизмесин калыптандыруу, тактоо жана түзүү, уюштуруу жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жана тийиштүү шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтсүн.

6.      Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары жогоруда аталган кеңештердин карамагына таандык документтердин, материалдардын, ошондой эле материалдык-техникалык баалуулуктардын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.

7.      Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнө жүктөлсүн.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Поделиться новостью: