Парламент жашы жете электерге нике кыюуга тыюу салды

Дата: 09:54, 06-10-2016.

Демилгечи депутат Аида Салянованы айтуусунда, Кылмыш-жаза жана Үй-бүлө кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык жашы жете электерге нике кыйгандар үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылат.

- Жоопко тартыла турган адамдар булар: никеге туруп жаткан жашы жеткен бала, баланын ата-энеси жана молдо. Азыр жашы жете электер арасында ден-соолук, өмүрүнө байланыштуу чоң маселе болуп жаткандан кийин биз долбоорду жашы жете электерге эле арнадык.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, турмуш курган кыздардын 15% 18 жашка чейин никеге тургандар. Анын ичинен бир пайызы 15 жашка чейинки куракта турмушка чыккандар. Евразия чөлкөмүндөгү 35 мамлекеттин арасында 15-18 жаштагы кыздардын турмушка чыгуусу боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө Кыргызстан 5-орунда турат.

Поделиться новостью: