Матаев КазТАГдын башка өлкөлөрдөгү өнөктөштөрүнүн мыйзамдуулугунун жана көз карандысыздыгынын далилин сот жыйынында көрсөттү

Дата: 17:09, 22-09-2016.

«2010-жылы биз Кыргыз телеграф агенттигин ачтык. Анан жарым жылдан кийин Тажик телеграф агенттигин түздүк. Бул агенттиктердин баардыгы өз алдынча, баардыгынын лицензиялары бар. Мен көрсөтө да алам. Афганистандагы оор абал тууралуу кабарыңар бар, ал жерде согуш жүрүп жатат. Мен жеке өзүм президент Хамид Карзай менен жолугушуп, Кабулда Афган телеграф агенттигин ачууга лицензия алганбыз, агенттиктин уюштуруучулары Кабулдун борборунан имарат алууга көмөк көрсөтүштү. Андан кийин Иран жаңыдан батыштын санкцияларынан арыла баштады, биз Тегеранда Иран телеграф агенттигин ачуу чечимин кабыл алдык», - деди С. Матаев бейшемби күнү сот жыйынында.

«Биз 2014-жылы дүйнөлүк тармак түзүү үчүн алгачкы кадам таштадык. Кытай бийлигинин уруксааты менен Пекинде кытай тлиндеги SilkRoadNews агенттигин ачтык. Бул ири маалымат рыногу экендигин өзүңүздөр жакшы билесиздер, ошондой эле Армения менен Азербайжанда да агенттиктерди ачуу макулдашылган. Биздин оюбузча, маалымат мыкты товар, аны сатууга болот. Биз муну жасай алдык деп айта кетким келет», - деп белгиледи С. Матаев.

Ошондой эле анын белгилөөсүндө, КазТАГ өлкөдөгү өзүн өзү каржылаган жападан жалгыз маалымат агенттиги.

«КазТАГ өзүн өзү каржылаган, өлкөдөгү жападан жалгыз агенттик. Казакстандагы бир дагы ЖМК акча таппайт. Алар же мамлекеттин эсебинен каржыланат, же демөөрчүлөр, же түзүүчүлөр колдоп турушат. Бүгүнкү күндө КазТАГ ийгиликке жетише алган, биздин аймактык өнөктөштөрүбүз дагы буттарына туруп алышкан. Менин камакта отурганыма 7 ай болду, уулум Ассетке – 6 ай болду, буга карабастан агенттиктер тынбай иштеп жатышат», - деп баса белгиледи ал.

Поделиться новостью: