КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 18:17 | 26 чын куран

Кыргызстандын премьери өкмөттүн түзүмүн өзгөртүүнү сунуш кылды

Дата: 12:08, 17-06-2016.

Бишкек. 17-июнь. КирТАГ - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-июнда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү менен кеңешме өткөрдү.  Анда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн  өзгөртүү  жөнүндө сунуштарды билдирди. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Премьер-министрдин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн  өзгөртүү  жөнүндө сунуштары Өкмөт мүчөлөрү тараптан колдоого алынды.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3 жана 18-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезексиз тартипте кароосуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн  өзгөртүү  жөнүндө сунуштарды жөнөттү.

КР Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген КР Өкмөтүнүн “Ишеним жана биримдик” программасына жана заман талабына ылайык, Өкмөттүн учурдагы түзүмүнө төмөнкүдөй өзгөртүүлөр сунушталууда:

- Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин базасында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетин түзүү;

- Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин функцияларын азык-түлүк өнөр жайын өнүктүрүү боюнча кошумча функциялар менен толуктоо;

- Мамлекеттик байланыш агенттиги жана КР Өкмөтүнө караштуу Электрондук башкаруу борборунун базасында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетин түзүү;

- Экономика министрлигин, Транспорт жана коммуникациялар министрлигин, Мамлекеттик каттоо кызмматын, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикти кайрадан түзүү жана функцияларын кыскартуу;

- Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик агенттиктин функцияларын жер казнасын пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча функцияны кошумчалоо жолу аркылуу кеңейтүү.

Бийликтин аткаруу бутагынын түзүмүнө киргизилүүчү өзгөртүүлөр штаттык санды көбөйтүүнү жана кошумча каржылоону талап кылбайт.

Поделиться новостью: