КирТАГ
Кыргыз телеграф
агенттиги

Бишкек, 10:39 | 26 чын куран

Кыргызстандан Орусияга бет алган эмгек миранттарынын агымы күч алды

Дата: 16:10, 19-04-2016.

Москва. 19-апрель. КирТАГ - Гульнара Болотбек кызы. Кыргызстандан Орусияга бет алган эмгек миранттарынын агымы күч алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдирди.

Кыргыз Республикасынын Орусия Федерациясындагы вице-консулу Самат Токтополотовдун айтымында, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу,эмгек мигранттарынын саны 10 миң жаранга өскөн.

«Бул анча көп эмес, бирок көзгө көрүнгөн айырма, албетте, мезгилдик мүнөз да болуп жатат. Эмгек мигранттарынын толук санын жыл аягында гана билип, жыйынтык чыгара алабыз», - деди ал.

Өз кезегинде Орусиядагы «Кыргыз Биримдиги» аймак аралык коомдук бирикмесинин жетекчиси Абдыганы Шакиров белгилегендей, эмгек мигранттарынын саны өскөнү менен Кыргызстанга акча которуулар кескин төмөндөгөн.

«Орусиядагы экономикалык каатчылык эмгек мирганттарынын акча которууларына да таасирин тийгизди, акча агымы кыскарды. Мунун менен эмгек акынын көтөрүлүп жаткандыгы байкалууда. Биздин мекендештерибиз айлык акынын өскөндүгүн белгилеп жатышат», - деп билдирди КирТАГга А. Шакиров.

Жалпысынан алганда Кыргызстандын ЕАЭБге кириши менен кыргыз мигранттары үчүн шарттар жакшы тарапка өзгөрүлдү, ошондой эле жергиликтүү калктын мамилеси да жылуураак болуп калгандыгын мигранттар өздөрү белгилешүүдө.

Поделиться новостью: