Кыргызстанда комуз күнү белгиленүүдө

Дата: 12:24, 09-09-2019.

Бишкек. 9-сентябрь. КирТАГ – Кыргыз Республикасынын Президентинин “Комуз күнүн” белгилөө жөнүндөгү жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан өлкөдө 9- сентябрь күнү  бир катар иш- чаралар өтөт.

Республика боюнча аймактарда жана коомдук жайларда, мекеме иш-каналарда комуз күүлөрүн жаңырып, атайын иш-чаралар өтөт.

9-сентябрь 10:00 - “Кыргыз комузу жана комузчулук өнөрү” аттуу илимий практикалык конференция
К. Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясы

12:30 - Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылгановдун айкелинин алдындагы эскерүү иш-чарасы
А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык  опера жана балет театрынын жанындагы Т.Сатылгановдун айкелинин алды

16:30 - “Комуз-улуттук сыймык” аттуу залкар комузчулардын көргөзмөсү
Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын фоеси

18:00 - Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук  филармониясынын чоң залында “Таңшы комуз” аттуу Гала концерт.
Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясы

Коомдук жайларда, мекеме иш-каналарда комуз күүлөрүн жаңыртып туруу

Поделиться новостью: