Дача СУ айылында авиа кырсыктан каза болгондорду эскерүү иш-чарасы өттү
Бишкек. 16 - январь. КирТАГ – Чүй облусунун Сокулук районундагы Дача СУ айылында авиакырсыктан каза болгондорду эскерүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Дача СУ айылында «Боинг-747» жүк учагынын кыйрашынан каза болгондордун эстелигине гүл коюу аземине катышты.
Учактын кыйрашынын 2 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасына ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчиси Досалы Эсаналиев, каза тапкандардын жакындары жана коомчулук өкүлдөрү катышышты.
Иш-чарада маркумдарга куран окутулду.
Эскерте кетсек, 2017-жылдын 16-январында ACT Airlines (MyCargo) авиакомпаниясынын айылында «Боинг-747» жүк учагы кырсыкка учурап, анын кыйрашынын кесепетинен 39 адам набыт болгон, 4 экипаж мүчөсү – Түркиянын жарандары жана 35 Кыргызстандын жараны болгон.